Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, өкмөт көзөмөлдү күчөтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, өкмөт көзөмөлдү күчөтүүдө.
Сентябрдын башынан бери бензиндин баасы орто эсеп менен 3,5 сомго өстү.
12-октябрга карата баа:
АИ-92 — 73,4 сом;
АИ-95 — 79,4 сом;
Дизель — 77,8 сом (50 тыйынга кымбаттады).
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 8-октябрда күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөнү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоону тапшырды.
Өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган.
Кыргызстан Россиядан алып келинчү күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо