Чек арачы, стратег эле эмес, жазуучу катары да аты чыккан. Осмон Лайлиевди эскерүү

Осмон Лайлиев өзгөчө орду бар инсан. Кичинесинен Үркүндү көрүп, жарандык согуш, Улуу Ата Мекендик согуштун оорчулугун башынан өткөргөн. Лайлиев стратег, дипломат, чечен гана эмес, согуштук жана тарыхый темадагы беш китептин автору да болгон.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында майор, чек арачы Осмон Лайлиевдин небереси Арсланбек Лайлиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев болду.
— Осмон Лайлиев кандайча аскер кызматына аралашып калганын айтып берсеңиздер.
Арсланбек Лайлиев: — Чоң атам Осмон Лайлиев 1905-жылы азыркы Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында туулган. 1922-1926-жылдары айылындагы комсомол уюмун жетектеген. 1927-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, атчандар дивизиясынын курамында кызмат өтөгөн. Басмачыларга каршы күрөш жылдарында ал ошол дивизиянын взводунун командири болуп, жоокерлери бир салгылашууда 70 басмачыны туткунга алышкан. Ошол көрсөткөн эрдиги үчүн атабыз күмүш саат менен сыйланган.
Кийин Харьков шаарындагы чек арачылар мектебин аяктагандан кийин азыркы Нарын чек ара отрядынын бардык заставасында, ошондой эле Тажикстандагы "Даштак" заставасында кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согушта кавалерист катары эрдик көрсөтүп, Кызыл Жылдыз ордендеринин ээси болгон. Кыргыз жана орус тилдерин мыкты өздөштүргөндүгү аны чек арадагы стратегиялык маанилүү заставаларда командирликке жеткирген.
Осмон Лайлиев
Чолпонбек Буржуев: — Осмон атабыз Улуу Ата Мекендик согушка катышып, майор наамына чейин жеткени маалым. Баарыбыз билгендей, Үркүн Кең-Булуң айылынан башталган. Ошол кезде 11 жаштагы бала экен, кичинесинде эле согушту көргөн. Моралдык жактан сыналып, такшалып, өзүнчө бир дух пайда болгон болуш керек. Өзү тирикарак, тубаса таланты бар экен. Үркүндө качып барып, кийин кайра кайтып келгенде деле аларды эч ким тосуп алган эмес. 12 жашынан баштап ата-энесин, бир туугандарын багуу үчүн байлардын колунда иштеген. Кийин комсомолдук уюм түзүп жергиликтүү элге совет өкмөтүнүн идеологиясын түшүндүрүп, кедейлерге жардам берген. Кызыл Армиянын катарына чакырылат. Ошол учурда жаңы бийликке каршы болгондор көп болгон да. Айрымдар бирөөлөрдүн тилине кирсе, кээ бирлери диний көз караштан улам каршы чыккан. Мына ошол учурда басмачылар менен согушуп, көп эрдиктерди көргөзгөн киши.
— Андан кийин Тажикстанга барып кызмат кылып жатабы?
Ч.Б.: — Ооба, Тажикстандагы өтө оор заставалардын бири "Даштакта" кызмат өтөгөн. Анткени ал аркылуу ошол кезде тыңчылар, Орто Азияны көтөрүүнү каалаган англис шпиондору, эмиссарлар өтүшкөн. Муну менен катар жергиликтүү элдин кулк-мүнөзүн, каада-салтын, тилин да билүү керек болчу. Ушундай жерге Лайлиев заставанын башчысы болуп барышы да жөн эмес. Анын көрөгөчтүгүн баалашкан. Демек, дарамети жогору кадр болгон.
Харьков шаарындагы чек арачы мектебин аяктагандан кийин 1939-жылы Ташкент гарнизонунун комендантынын жардамчысы болуп дайындалат. Бул жерде да чоң сыр жатат. Анткени ал котормочу болгон. Себеби орус тилин да абдан жакшы билген. Китептерин окусаңыз, ал кишинин өзбек, тажик тилдерин да жакшы билгенин байкоого болот. Тил табыша биле алган дипломаттык сапаты бааланган. Ал киши дайыма күндөлүк жазып жүргөнүн чыгармаларынан баамдайм. Себеби китепте ошол кездеги окуялар, жер-суу аттары, жылдары абдан так берилген. Осмон Лайлиев өзүнүн бардык жакшы сапаттарын иш жүзүндө көргөзүп, мүмкүнчүлүктөрүн мекен үчүн пайдалана алган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев
— Улуу Ата Мекендик согушта кайсы полкто кандай кызмат кылды?
Ч.Б.: — Согуш убагында кавалериялык полктордо, дивизиондордо кызмат кылган. Мокванын алдынан Венгрияга чейин атчан барып, согуш бүткөндөн кийин кайтып келет. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кавалериянын кереги жок деген да талаш болгон. Бирок булардын мааниси зор экенин кайра эске алышкан. Техника менен киргенден кийин артынан кавалерияны жайылтып жиберген. Себеби байланыш зымдарын, көпүрөлөрдү, тылды талкалоо иштерин аткарган. Кавалерия өтө ыкчам болгон, кээде танкалар, техникалар кире албай калган жерлер болгон эмеспи. Заставаларда да ат менен жүргөн. Осмон Лайлиев ат үстүндө чоңойгон кыргыздын камчыга сап жигити эле. Мамлекет бул кишинин согуштагы эрдигин Кызыл Жылдыз, Кызыл туу, Германияны жеңгендиги үчүн, Венгрияны алгандыгы үчүн ордендери менен сыйлаган. Ага чейин Ленин ордени ыйгарылган. Согуштан кийин да элге кызмат кылып көп наам, сыйлыктарга ээ болгон. Нарын чек ара отрядында Осмон Лайлиев атындагы застава бар. Анда бул кишиге арналган бөлмө жайгашкан. Жоокерлер нарядга чыгарда Осмон Лайлиевдин ысымы аталып турат. Мындан үч жыл мурун барып бөлмөсүн, эстеликтерин жаңылап келдик.
— Кең-Булуң айылында да музейи бар эмеспи. Анын абалы кандай?
Ч.Б.: — Ооба, бар. Музейдин абалы жакшы эмес, оңдоого муктаж. Ошондой эле айылындагы мектебине да аты берилген. Бирок жетишерлик көңүл бурулбай жатканы өкүндүрөт. Жергиликтүү бийлик, губернатор татынакай кылып жасап койсо деле болмок. Жаманкул Жээнчороев, Осмон Лайлиев өңдүү чек арачылар тууралуу да фильмдер тартылса, жаштар баатыр аталарыбыздын эмгеги менен таанышса дейбиз. Коңшулар бул жагынан тыкыр иштерди жасап жатат. Биз чөмүчтөй ишти кашыктай, кашыктай ишти ийнедей көргөзүп жатканыбыз өкүндүрөт.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Кутан Торгоев жана Осмон Лайлиев - аскер жазуучусу
А.Л.: — Музейди биз министрлер кабинетинин буйругу менен 1992-жылы жарактан чыккан имаратта ачканбыз. Эшик, терезесин жаңылап, өзүбүз бир сыйра оңдоодон өткөргөн элек. Андан бери көп жыл өтүп кетти. Мен ошол музейдин директорумун. Музейде азыр колдонгон буюмдары, үзөңгү, камчысы, ат жабдыктары, жарандык согуштун, Улуу Ата Мекендик согуштун сүрөттөрү бар. Чоң залын каражат болсо оңдоп алсак жакшы болмок. Облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилерге, бийликке кат жаздык, бирок "жеке музей экен" деп коюшту.
— Осмон Лайлиев аскер адамы гана болбостон, чыгармачыл инсан да болгон экен. Башкача айтканда, жазуучу катары бир топ эмгектерин калтырыптыр.
А.Л.: — Чоң атам Журналисттер союзунун мүчөсү болгондон кийин китеп жаза баштаптыр. Төрт китебин орусча, бирөөнү кыргызча жазган. Эки китеби Улуу Ата Мекендик согушка арналган. Атамдын биринчи повести "Последняя схватка" 1967-жылы жарык көргөн, ал эми 1975-жылы "Дети бурь" деген аталыштагы жаңы чыгармасы чыккан. Бир нече жылдан кийин бул эки повесть "По следам басмачей" аттуу китептин негизин түзгөн. Лайлиевдин бардык чыгармалары коомчулуктун чоң кызыгуусун жараткан, ал ошол доордун окуяларына күбө болгон жана аларга катышкан адам катары жазган. Кыргызстандын чек арасынын бекемделишине негиз салган ошол тарыхый окуялар тууралуу атабыз жандуу, чын ыкластан баян курган. Чоң атам "Юный комиссар" деген китебинин аягына чыкпай калган экен. Ошол кол жазмасы даяр, бир гана китеп катары басып чыгаруу керек.
Майор, чек арачы Осмон Лайлиевдин небереси Арсланбек Лайлиев
Ч.Б.: — Бул кишинин китебин окусаң, өз стили бар. Кайсы бир жеринен үзүп таштап кете албайсың. Абдан жакшы, кызыктуу жазган. Тили жатык, элге жеткиликтүү тилде жазылган. Ошондуктан согуш, чек ара маселесиндеги жагдайлар, ошол эле учурда үй-бүлөгө кандай мамиле жасоо керектиги тууралуу маалымат алуу үчүн окуп чыксаңар абдан кызык. Мен окурмандарга Осмон Лайлиевдин китептерин сунуштаар элем.
— Эми чоң атаңыздын жеке турмушу тууралуу айтсаңыз...
А.Л.: — Чоң атам үч эркек, бир кыздын атасы болду. Эң улуу баласы — менин атам Алымбек Лайлиев. Музейди ошол киши ачкан. Убагында атам да Нарында чек арада кызмат кылган. Азыр көзү өтүп кетти. Учурда инилерим да чек арачы. Биз чек арачылар династиясын түздүк. Учурда менин уулум да армияда кызмат өтөөдө.
Бир академия жасай турган эмгек калтырып кеткен Ыбырай Абдырахманов. Эскерүү