Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызcтан менен Италиянын алакасы талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Италиянын Кыргызcтандагы элчиси Антонелло Де Риунун ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык талкууланды. Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын октябрында Италияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарына, ошондой эле 2025-жылдын 30-майында Астана шаарында өткөн биринчи "Борбор Азия – Италия" саммитинин алкагында Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Мелони менен жолугушуусунун жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Соңунда эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн жогорку деңгээлдеги сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты.
Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, өкмөт көзөмөлдү күчөтүүдө. Сентябрдын башынан бери бензиндин баасы орто эсеп менен 3,5 сомго өстү. 12-октябрга карата баа: АИ-92 — 73,4 сом; АИ-95 — 79,4 сом; Дизель — 77,8 сом (50 тыйынга кымбаттады). Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 8-октябрда күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөнү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоону тапшырды. Өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган.
Түндө мас болуп кубалашкан айдоочулар кармалып, айып салынды Кайгуулчулар жол эрежесин бузган эки унааны токтоткон. Маалыматка ылайык, биринчиси сөгүнүп, экинчиси аны кууган. Медициналык текшерүүдөн айдоочулар спирт ичимдиктерин ичкени тастыкталды. Экөөнө тең протокол түзүлүп, унаалары айып короого киргизилди.
Ортодо чыккан чырдан улам Пакистан Афганстандын чек арадагы 19 пунктун басып алганын Geo телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды. Маалыматта Афганстан бул пунктуларды Пакистанга чабуул коюуга пайдаланганы болжолдонгон. Эскерте кетсек, ишемби күнү Афганстандын Коргоо министрлиги Пакистанга каршы операциясы ийгиликтүү аяктаганын жар салган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, бейшемби күнү Исламабаддын учкучсуз аппараты пакистандык талибдердин башчысы Кабулда Нур Вали Мехсуд жана анын мураскерлери бара жатат деген сооттолгон жолтандабаска сокку урган. Мындан тышкары, Пакистандын Аскер-аба күчтөрү жумага караган түнү Афганстандын чыгышында жайгашкан Пактика провинциясына чабуул жасаган. Чабуул Пакистандагы "Ислам мамлекети"* тобу менен байланышкан айрым объектилерге да жасалганы белгиленди. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 25 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 13-октябрга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. БИШКЕК, 12-Окт. — Sputnik. 13-октябрь, дүйшөмбүдө бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.