БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого катышарын үч партия билдирди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматында айтылган.
Партиялардан арыз кабыл алуу 6-октябрда жыйынтыкталды. Ага чейин катышуу ниетин билдирген партиялар:
"Кырк ууз" партиясы;
"Легалайз" партиясы;
"Ынтымак" партиясы.
Мунун ичинен "Ынтымак" партиясы гана тизмесин тапшырган.
"Партиялар съездин өткөрүп, ар бир шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтүүгө тийиш. Съезддин чечими БШКга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, партия башка саясий партиянын мүчөсү болбогон жарандарды да талапкер катары көрсөтө алат. Талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш, бир жыныстагы талапкерлердин үлүшү 70 пайыздан ашпоосу керек", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, парламентке кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Ушу тапта талапкерлер арыз тапшырып жатышат. Sputnik Кыргызстан 30 округдан көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин тизмесин даярдаган.