БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жети жаңы мектеп жана жети кошумча корпус салып берет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, фонддун өкүлдөрү менен курулуш министри Нурдан Орунтаев жолугуп, "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимди талкуулашкан.
Аталган долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Министрлик анын биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын, анын алкагында өлкө 30 билим берүү мекемеси менен камсыз болгонун белгиледи.
"Экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында жети жаңы мектеп жана мектептерге жети кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо пландалды", — деп жазылат маалыматта.