АКШда федералдык кызматкерлер жумуштан жапырт бошотула баштады

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. АКШда шатдаундан улам президенттин администрациясы федералдык кызматкерлерди жапырт жумуштан кетире баштады. Бул тууралуу Ак үйдүн Административдик-бюджеттик башкармалыгынын директору Рассел Воут билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жумушчу күчтү кыскартуу башталды", — деп жазган ал социалдык тармактардын бирине.
Wall Street Journal гезити өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып республикачыл конгрессмендердин тобу Ак үйгө шатдаун учурундагы кыскартуулардан улам республикачылардын рейтинги төмөндөп кетиши мүмкүн экенин эскерткенин жазган.
АКШда финансылык жыл адатта 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бирок ал процесстин ишке ашпаганы федералдык бийликтин ишин токтотууга аргасыз кылды.
Республикачылар Конгресстин эки палатасын көзөмөлдөйт, бирок Сенаттын өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууда 60 добушу керек, анткен менен сенаторлор ал көрсөткүчкө жете алган жок.
АКШ президенти Дональд Трамп шатдаунду кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан кутулуу үчүн колдоном деп сөөмөй кезеген.
АКШдагы шатдаун: Сенат эч нерсе кыла албай, Трамп демократтарга кайрылды