12-октябрга карата аба ырайы

12-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас аймагында +18...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +22...+27, Ысык-Көл облусунда +16...+21, Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +22...+24, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жапаров талапкерлерге: үгүтчүгө эмес, кудайдын, элдин колдоосуна ишенгиле