Трамп тынчтык келишими түзүлгөндөн кийинки Газанын тагдыры тууралуу айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү тынчтык тууралуу макулдашуу түзүлгөндөн кийин Газа сектору акырындап калыбына келтирилерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Газа сектору кайрадан курулат. Бул региондо ресурсу мол өлкөлөр жайгашкан, ошонун азыраак эле бөлүгү чоң нерселерди жасоого мүмкүнчүлүк берет. Ар кыл мамлекеттер аймакты калыбына келтирүүгө салым кошуп, жардам берет деп ишенем", — деген Трамп Ак үйдө өткөн өкмөттүн жыйынында.
АКШ лидери жашоого ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн, ушу тапта ал жакта күн кечирүүгө таптакыр мүмкүн эмес экенин кошумчалаган.

Макулдашуу тууралуу

Эскерте кетсек, ХАМАС менен Израиль согуштук аракеттерди токтотуу боюнча пландын биринчи фазасын аткарууга макул болушканын АКШ президенти Дональд Трамп менен Катардын ТИМи билдирген. Палестин кыймылы анын алкагында барымтадагылардын баарын бошотуп, Тель-Авив аскер күчүн белгиленген чекке чыгарып кетмек.
Атышууну токтотуу боюнча 20 пунктудан турган планды АКШ сентябрда сунуштаган.
Кыргызстан Газадагы абалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт