БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Sputnik Азербайжан агенттигинин жетекчиси Игорь Картавыхтын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу РИА Новостиге "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев айтып берген.
"Игорь Картавых үй камагына чыгарылды. Ал азыр Бакуда", — деди Киселев.
Азербайжан бийлиги 30-июнь күнү Sputnik Азербайжан агенттигинин жети кызматкерин негизсиз кармап кеткен. Редакциянын жетекчиси Игорь Картавых менен шеф-редактору Евгений Белоусов төрт айга камакка алынган. "Россия сегодня" эл аралык медиатобу Азербайжан бийлигин кызматкерлерди бошотууга жана абалды токтоосуз жөнгө салууга чакырган.