БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын берүү ыктымалдыгы боюнча маселе чечилип, АКШ Россия менен каршылашууга жетпейт деген үмүт бар. Бул тууралуу Пентагондун экс-кеңешчиси Дуглас Макгрегор Гленн Дизендин YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Томагавк" ракеталарын Украинага берүү идеясы чынында акылга сыйбайт. Бара-бара унутулуп, жок болуп кетет деп ишенем", — деген эксперт.
Ал өз сөзүндө Вашингтон эмнеден улам Киевге мындай курал берүү оюнан кайтышы мүмкүн экенин да билдирген.
"Менимче, президент (Трамп — ред.) "Томагавк" укриналыктарга согуш талаасындагы абалды өзгөртө алган бир нерсе берүүгө далбас уруу экенин билет. Бирок бул ракеталар эч нерсе өзгөртө албайт, кырдаалды курчутуп, Россия менен биз каалабаган тирешүүгө кептеши мүмкүн. Ал муну түшүндү окшойт", — деген серепчи.
Украинага "Томагавк" берүүнүн демилгесинин чоо-жайы
Сентябрда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ак үй администрациясы Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү ыктымалдыгын талкуулап жатканын, бирок акыркы чечимди Трамп кабыл аларын билдирген болчу. Ал эми америкалык лидердин атайын өкүлү Кит Келлог азырынча бул боюнча так чечим жок экенин айткан.
Telegraph гезитинин маалыматы боюнча, Владимир Зеленский АКШ президентинен сентябрдагы жолугушууда канаттуу ракета сураган. Axios порталы бул Трамп Киевдин өтүнүчүнөн баш тарткан жалгыз пункт экенин, калган сурамы канааттандырылганын жазган эле.
WSJ гезити Ак үй башчысы Россиянын тереңине америкалык курал менен сокку урууга салынган чектөөнү алып салуу маселесин карап чыгууга даяр экенин, бирок түз милдеттеме албаганын кабарлаган.
Ал эми "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында РФ президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрү "Томагавкты" америкалык аскерлердин жардамысыз колдоно албай турганын айткан. Ал россиялык абадан коргонуу күчтөрү ATACMS ракеталарына ыңгайлаша алганын, жаңы куралдын да эбин табарын билдирген.