Салыкчыларга укук коргоо органынын макамы берилбейт. Мекеме оюнан кайтты

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы өзүнчө бөлүмгө укук коргоо органынын макамын ыйгаруу үчүн иштелип чыккан өкмөттүн токтом долбоорун чакыртып алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ушундай демилгени камтыган документ ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун коомдук талкуусунун бирдиктүү порталына илинген.
"Талкуунун жүрүшүндө коомчулуктун пикирин эске алуу менен Салык кызматы аталган долбоорду кайтарып алуу чечимин кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эгер аталган документ кабыл алынганда Салык кызматынын "укук коргоо органы статусуна ээ" кызматкерлерине ок атуучу курал алып жүрүүгө, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп, салыкка байланышкан кылмыш ишин тергөөгө уруксат берилмек.
Салык, Бажы кызматтарын жана алкоголду көзөмөлдөө агенттигин эми минкаб тескейт