БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Венгрия ТИМинин жетекчиси Петер Сийярто Польша премьер-министри Дональд Тусктун "Түндүк агым" газ түтүктөрүнүн жардырылышы боюнча айткан сөзүнө нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
Белгилей кетсек, Туск "Түндүк агым" түтүктөрүнүн маселеси "анын жардырылышында эмес, курулушунда" экенин билдирген.
"Айран таң калтырат. Мындай билдирүү дагы эмнени жардырып суудан кургак чыгып кетсем деген ойду шарттайт. Бизге премьер-министрлери террорчуларды коргогон Европанын кереги жок", — деп жазган Сийярто.
Эске салсак, Россиядан Европага газ өткөргөн "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрү 2022-жылдын 26-сентябрында жардырылган. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия экенин четке каккан эмес. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG мындай окуя буга чейин болбогонун, түтүктөрдү оңдоо мөөнөтүн айтуу мүмкүн эместигин билдирген болчу. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча иш козгоону демилгелеген. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия түтүктөрдөгү жардыруу боюнча бир нече ирет маалымат сураганын, бирок эч кандай жооп ала албай койгонун белгилеген.
Америкалык журналист, Пулитцер премиясынын лауреаты Сеймур Херш 2023-жылы иликтөө жарыялап, россиялык түтүктөрдүн алдына жарылуучу түзүлүштөрдү 2022-жылдын июнунда Baltops машыгуусуна жашынып АКШнын Аскер-деңиз флотунун суучулдары норвегиялык адистердин жардамы менен койгонун жазган. Херштин маалыматы боюнча, операция тууралуу чечимди АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден кабыл алган. Кийинчерээк Пентогондон Американын жардырууларга тиешеси жок экени кабарланган болчу.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя дал ушул АКШ менен Улуу Британия "Түндүк агым" түтүктөрүндөгү терактыга байланыштуу эл аралык иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып жатканын белгилеген.