БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Экономика жана соода министрлиги "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилге кылууда. Долбоор коомдук талкууга коюлган.
Ага ылайык, терс насыялык маалыматты сактоо мөөнөтүн 5 жылдан 3 жылга кыскартуу каралууда. Мекеме мындай өзгөртүү карыз алуучулардын насыя алуу түйшүгүн жеңилдетип, банк системасына болгон жүктү азайтып, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеген.
"Казакстанда терс кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү мурда 10 жыл болгон. Бирок керектөөчүлүк суроо-талапты стимулдаштыруу жана чакан бизнести колдоо максатында 5 жылга чейин кыскартылган. Өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн жана коңшу өлкөнүн оң тажрыйбасын эске алуу менен терс кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн пилоттук түрдө 3 жылга кыскартуу сунушталууда", — деп айтылган документте.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, өлкөдө 21 коммерциялык банктын 304 филиалы иш жүргүзүүдө, алардын ичинен 5 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт.