Жапаров Ак-Ордодогу эки киши өлтүрүлгөн окуя боюнча милициянын ишине баа берди

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Милиция мурдагыдай эмес, азыр жакшы иштеп жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ак-Ордодогу эки киши өлтүрүлгөн окуя боюнча билдирүүсүндө белгиледи.
Өлкө башчы Бишкек шаарында кылмыш кылып кармалбай калам деп ойлобош керектигин белгиледи.
"Милиция "Коопсуз шаардын" жардамы менен кылмышкерди дароо аныктаган. Бирок бул бала ким экенин тааныбай, элге кайрылуу кылышкан", — деди президент.
Жапаров ошондой эле тартип сакчылары илгери ишеничтен кеткенин айтып, азыр алар жакшы иштеп жатканын белгилеген.
"Милицияга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милиционерлердин өздөрүн кайда кантип иштеп жатышканын башкы штабдан онлайн көзөмөлдөп турушат", — деди өлкө башчы.
Ал ошондой эле ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербей турганын айтып, чуулгандуу иштерде эксперт болуп кетпей сабырдуулук менен күтүү керектигин кошумчалады.
Жапаров "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында Баткенден баштап Талас, Нарын шаарларына, базарлар менен соода түйүндөрүнө, жолдорго чейин видеокамералар орнотулуп жатканын, бара-бара жалпы өлкөнү онлайн-режимде кароого мүмкүн болорун белгиледи.
Эске салсак, 3-октябрда Ак-Ордо жаңы конушунда иниси менен эжеси киши колдуу болгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Андан кийин ИИМ шектүүнүн окуя болгон аймакта басып бараткан видеосун жарыялады. Көп узабай аялдын колуна бала көтөрүп, дагы эки чүрпөсүн ээрчитип, түнү жылаңайлак качып бараткан видеосу интернет желесине тараган.
Ал эми 7-октябрда кылмышка шектелип 19 жаштагы улан кармалды. Кечээ, 8-октябрда, ИИМ шектүүнүн жүргөн жерлеринен жана окуя болгон үйдөн топтолгон видео, сүрөттөрдү таратты.
Маркумдун келинчеги милицияга окуянын кандай болгонун ыйлап айтып, көрсөтмө берген. Анда маркумдун жубайы үйүнө кирип жакындарын бычактап кеткен уланды милиция көрсөткөн сүрөттөрдөн таанып жатканын айткан.
ИИМ Ак-Ордо-3тө эки кишинин өлүмүнө шектүүнүн көрсөтмөсүн жарыялады. Видео