Путин Алиевге AZAL учагынын кыйрашынын чоо-жайын айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тажикстанда жолугушту.
Путин кебин Азербайжандын AZAL авиакомпаниясынын учагынын кыйрашы боюнча баштаган. Ал каза болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул трагедия Россия Федерациясынын асманында болгондугу үчүн Азербайжандын президентинен кечирим сураганын эскертти.
Путиндин кебинин урунттуу учурлары:
кырсык болгон күнү Россия РФтин чек арасынан өтүп кеткен Украинанын үч пилотсуз учагынын артынан жүргөн;
жүргүнчү ташыган учак, кыязы, жарылуучу затка эмес, сыныктарга урунган;
учактын экипажынан Махачкалага конууну суранышкан, бирок алар өз аэропортуна барууну чечишкен;
окуя кылдат талданган соң себептери белгилүү болду;
Россия авиакырсыкка байланыштуу бардык аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берет;
кырсыкка чекит коюу үчүн убакыт керек.
Эске салсак, 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 кишинин үчөө кыргызстандыктар эле. Алар ооруканага жеткирилип, дарыланып чыгышты.
Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду