БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстан Газадагы абалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармак аркылуу билдирди.
Анда өлкө эл аралык укуктук принциптерге, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастай турганын белгилеген.
"АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу", — деди ал.
Эскерте кетсек, ХАМАС менен Израиль согуштук аракеттерди токтотуу боюнча пландын биринчи фазасын аткарууга макул болушканын АКШ президенти Дональд Трамп менен Катардын ТИМи билдирген. Палестин кыймылы анын алкагында барымтадагылардын баарын бошотуп, Тель-Авив аскер күчүн белгиленген чекке чыгарып кетмек.
Атышууну токтотуу боюнча 20 пунктудан турган планды АКШ сентябрда сунуштаган.