Кыргызстан "Газпромдон" конуштарды газдаштырууга каржыны көбөйтүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Газпром" ишканасынын башкаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 7-10-октябрь аралыгында Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан XIV эл аралык газ форумунун алкагында жолугушкан. Тараптар Кыргызстанга газ жеткирүү, көгүлтүр от ташыган жана бөлүштүргөн тутумдун күз-кыш мезгилине даярдыгын талкуулашкан.
"Газпром" ишканасынын башкаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер
"Министр калктуу конуштарды газдаштыруу үчүн жылдык каржылоонун суммасын кеминде 1,5 миллиард сомго көтөрүүнү, көгүлтүр оттун баасын өзгөртпөй сактап калуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Санкт-Петербургдагы форумда жаратылыш газынын дүйнөлүк рыногунун өнүгүү тенденциялары, ошондой эле өзгөрүп жаткан экономикалык жана геосаясий абалда эл аралык кызматташуунун келечеги талкууланууда.
Кыргызстан Россиядан алып келинчү күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо