Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 9-октябрда, Тажикстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жапаровду аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты."Мамлекет башчы сапарынын жүрүшүндө "Борбор Азия – Россия" саммитине жана КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат", — деп айтылат маалыматта. Саммиттин соңунда өз ара кызматташууга түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерге кол коюлат.
Министрлер кабинети Салык кызматына укук коргоо органынын статусун берүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү токтом ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына илинди. Ага ылайык, аталган кызматтын айрым бөлүмдөрүнө укук коргоо органынын макамы берилет. Документтеги демилгелердин негизгилери төмөнкүлөр: Салык кызматынын "укук коргоо органы статусуна ээ" кызматкерлери ок атуучу курал жана атайын каражаттарды (кызматтык тапанча, кийим, коргоо каражаттары) алып жүрө алышат. Бул үчүн алар ички иштер кызматкерлери сыяктуу атайын окутуудан өтүшөт; Салык кызматынын өзүнүн алдын ала тергөө органы түзүлөт. Ал салык тармагындагы кылмыштарды (салык төлөөдөн качуу, жалган эсеп-фактуралар, контрабанда ж.б.) териштирүүгө укуктуу болот. кадр тандоо жана дисциплина маселелери толук бойдон укук коргоо системасына окшоштурулат. Конкурстар, кадрлар резерви, кызматтык иликтөөлөр ички иштер органдарынын тартибине ылайык жүргүзүлөт. Салык кызматынын укук коргоо бөлүмү үчүн өзүнчө дисциплинардык устав жана окутуу тартиби киргизилет. Окутуу үчүн Ички иштер министрлигинин академиясы аныкталды; оперативдик-издөө иш-аракеттерине укук берилет.
Ички иштер министрлиги Ак-Ордодогу жүрөк үшүн алган кылмыштын жаңы жагдайлары ачыкталган видео жарыялады. Анда эки бир туугандын өлүмүнө шектелген 19 жаштагы бала уурулукка кирип, бирок үй ээлери ойгонуп кеткендиктен аларга кол салганын айтып берген. Мындан тышкары, үйгө кантип киргенин, кылмышты кантип жасап, бычактарын кайда катканын баяндаган.Буга кошумча, видеодон эки бычактын сүрөтү, үйдөгү абал, маркумдун унаасы көрсөтүлдү. Ошондой эле жигитти Ак-Ордодон алып кеткен таксисттин комментарийи бар. Ал шектүү Гагарин — Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинен түшүп калганын билдирди. Эске салсак, 3-октябрда Ак-Ордо жаңы конушунда иниси менен эжеси киши колдуу болгон. Факт "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон. Кийин кылмышка шектелип 19 жаштагы адам кармалды.
Газанын Жарандык коргоо кызматы атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин Израиль анклавга бир нече ирет сокку урганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Кечээ кечинде атышууну токтотуу сунушу боюнча макулдашуу түзүлгөндөн бери бир нече ирет жардыруу болду, чабуулга Газанын түндүгү көбүрөөк кабылды", — деп айтылат маалыматта. Газанын Жарандык коргоо кызматынын өкүлү ЦАХАЛ шаардын өзүнө да асмандан сокку урганын айтып берген.