Аршинова: "Евразия" фондунун сыйлыгын алам дегендердин саны 3,7 миң киши болду

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова мурда жарыяланган "Евразия" сыйлыгы жана сынакка катышкандар боюнча айтып берди.
"27 өлкөдөн 3,7 миң адам "Евразия" фондунун сыйлыгын алуучулардын тизмесине кирди", — деди төрайым.
Катышуу үчүн арыз баарынан көп Россиядан, Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Беларустан жана Армениядан түшкөн. Сыйлык орус тили менен маданиятын жайылтуу, евразиялык аймак боюнча айтып берүү, тарыхый эстеликтерди сактоо жаатында түзүлгөн. Ага катышкандарга добуш берүү 19-октябрга чейин уланат. Байге фонду — 25 миллион рубль.
Бул сынакка Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунан да төрт журналист катышууда.
Ал эми уюм тууралуу жалпы маалымат берсек, "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюму окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо максатында түзүлгөн. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар.
Муну менен бирге "Евразия" — мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө, продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана маданият багытындагы долбоорлор.
Эл аралык алаканы бекемдөөгө салым кошкондор үчүн сынак жарыяланды