Бишкек шаардык кеңеш “бир көчө — бир аталыш” демилгесин жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши 7-октябрда өткөн сессияда борбор калаанын географиялык объектилерин кайра атоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү токтом долбоорун жактырды.
Документке 35 депутат добуш берди.
Долбоордун максаты — көчөлөрдүн кайталанган жана бөлүктөргө бөлүнгөн аталыштарын жоюу, шаардын дарек системасын жөнөкөйлөтүү.
Буга чейин көчөлөрдүн аталыштарын төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталган:
Ч. Айтматов проспекти жана Манас көчөсү — Айтматов проспекти;
М. Фрунзе көчөсү, Дэн Сяопин проспекти, Чүй проспекти жана Шабдан баатыр проспекти — Чүй проспекти;
Фучик жана Васильевский тракт көчөлөрү — Манас көчөсү;
Лев Толстой жана Путепроводная көчөлөрү — Шабдан баатыр көчөсү;
Абдрахманов, Байтик баатыр жана Элебесов көчөлөрү — Абдрахманов көчөсү;
А. Токомбаев, Масалиев жана Жайыл баатыр көчөлөрү (Түштүк магистраль) — Жайыл баатыр проспекти;
Курманжан датка жана 7-Апрель көчөлөрү — Курманжан датка көчөсү;
Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү — А. Масалиев көчөсү;
Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү — И. Айдарбеков көчөсү;
Селекция жана Муромск көчөлөрү — Махатма Ганди көчөсү;
Ленин көчөсү, Жеңиш проспекти жана Жибек Жолу проспекти — Жибек Жолу проспекти;
Анкара жана М. Горький көчөлөрү — Анкара көчөсү;
К. Тыналиев жана Иманкулов көчөлөрү — К. Тыналиев көчөсү;
Окраинная, Көк-Сай, Курманалиев, Набережная жана Береговая көчөлөрү — Дэн Сяопин проспекти;
И. Раззаков көчөсү — Чортеков көчөсү;
Виноградная көчөсү — Л. Толстой көчөсү;
Н. Гоголь көчөсү — Ч. Иманкулов көчөсү;
Ленская жана Юбилейная көчөлөрү — А. Токомбаев көчөсү.
Белгилей кетсек, вице-мэр Азамат Кадыров документ коомдук талкууга чыккандан кийин Түштүк магистралды Жайыл баатыр эмес, Аалы Токомбаев деп атоону сунуштагандар болгонун айтты. Ал шаардык кеңеш кандай деп чечсе, көчө ошондой аталарын кошумчалады.
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш колдоду