8-октябрга карата аба ырайы

8-октябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 16…21, Талас өрөөнүндө 15…20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл жеринде 14…19, Нарын чөлкөмүндө 12…17 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 18…20, Ош шаарында 21…23 градуска жетет.
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы