Түндө Кыргызстанда жер титиреп, очогундагы күчү 6 баллга жетти

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн түнкү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын күчү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген. Очогу Талас Ала-Тоосунун кыркаларында жайгашып, күчү 6 баллды түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда өлкөнүн Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жер титирөө эмне үчүн башкача сезилди? Канат Абдрахматовдун комментарийи