БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Грузин коому Евробиримдик бийликти кулатуу аракетин колдогону үчүн кечирим сурашын күтүүдө. Бул тууралуу Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили билдиргенин РИА Новости жазды.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе ишемби күнү Тбилисидеги башаламандыкка Евробиримдиктин элчиси жооптуу деп билдирген. Анткени уюмдун өкүлдөрү өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү өзгөртүү аракетин колдогон. Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас жана Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Марта Кос жекшемби күнү биргелешкен билдирүүсүндө Евробиримдик Грузиядагы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга чакырарын айтышкан. Дипломаттар Евробиримдик "Уюмдун Грузиядагы ролу жөнүндөгү жалган маалыматтарды" чечкиндүү түрдө четке кагарын, ошондой эле Евробиримдиктин элчисине болгон айыптоолор негизсиз экенин белгилешкен.
"Менин түшүнгөнүмө караганда, Каллас менен Кос өкмөттү кулатуу боюнча жыйынды алардын пресс-катчысы колдогону үчүн кечирим сурашпайт. Грузиянын президенттик сарайына жасалган чабуул учурунда 25 полиция кызматкери жабыркады. Грузин коому бүгүн Евробиримдиктен жакшылык күтпөйт. Грузиядагы шайлоолорго берген бааларына келсек, мен дагы бир жолу бардык ЕБ өкүлдөрүн жалган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырам", — деп жазган Папуашвили социалдык тармактагы баракчасына.
Грузияда ишемби күнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өттү. БШКнын маалыматы боюнча, бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы бардык муниципалитеттерде жеңишке жетти. Ал эми Тбилиси шаарынын мэрлигине талапкер Каха Каладзе добуштардын 71,58 пайызын алды. Борбор калаадагы шайлоонун фонунда нааразылык акциялары өттү. Митингге чыккандар президент Михаил Кавелашвилинин резиденциясынын имаратын таш бараңга алышты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, башаламандыктын натыйжасында 6 жаран жана укук коргоо органдарынын 25 кызматкери жабыркаган.