Бишкекте уурулукка кирип 2 адамды өлтүргөндөр изделүүдө. Шектүүнүн сүрөтү

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушунда үйгө уурулукка киргендер эки адамды өлтүрүшкөн. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Шектүү видеокөзөмөлгө түшүп калган. Окуя болгон жерден анын баш кийими табылган.
Милиция маркумдардын туугандары окуянын жагдайларын жарыялоого каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берилбей турганын айтты. Шектүү кармалганда толук маалымат берилет.
Каргашада бир туугандар (агасы менен карындашы, айрымдар эжеси деп айтышууда) каза болгону айтылууда.
1 / 2

Шектүү видеокөзөмөлгө түшүп калган

2 / 2

Окуя болгон жерден анын баш кийими табылган

Сүрөттөгү адамды таанып-билгендер милицияга 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102 номерлери аркылуу кабарлай алат.
Маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.
2021-жылдан бери өлтүрүлгөн, зордукталган аялдардын, балдардын саны. Статистика