БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Америка өкмөтүнүн ишинин токтоп калышы жумалап созулушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Өкмөттүн ишинин токтоп калышы бир нече күн эмес, апталап созулат окшойт. Эки тарап тең тирешип алышты, кепке келели деген ой да болгон жок", — деп Сенаттагы демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумердин мурдагы маалымат катчысы Эндрю Конещуски билдирди.
Республикачылар алардын атаандашы демократтар позициясынан кайтат деген ишенимде тургандыгы белгиленди.
"Октябрдын соңунда эки партиядан тең убактылуу макулдашууну күтүп турам", — деген Калифорния штатындагы жогорку кызматтагы аткаминер Жефф Ли.
АКШда финансылык жыл адатта 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бирок ал процесстин болбогону федералдык бийликти ишин токтотууга аргасыз кылды. Бул сапар анын капшабына 800 миңден ашык, тагыраагы, кызматкерлердин 40 пайызга жакыны кабылды.
Республикачылар Конгресстин эки палатасын көзөмөлдөйт, бирок Сенаттын өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууда 60 добушу керек. Учурда башкаруучу партияда болгону 53 мандат бар.
АКШ президенти Дональд Трамп шатдаунду кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан кутулуу үчүн колдоном деп сөөмөй кезеген. Бул учурда америкалык аскерлер кызматын толук өтөп жатышат, федералдык тартип сактоо органдары ишке чыгууга аргасыз. Анткен менен айлык төлөнбөйт.
Эксперттер шатдаундун ар бир аптасы АКШнын ички дүң продукциясын 0,1-0,2 пайызга төмөндөтүп отурарын айткан. Эгерде бул каатчылык созулуп кетсе, кесепети экономиканы оңдурбай турганын кошумчалашкан.