Ак-Ордо-3төгү эки адамдын өлүмү. Үч баласын жетелей качкан аялдын видеосу чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Социалдык тармакта Ак-Ордо-3 конушунда өлтүрүлгөн жарандын жубайы болушу ыктымал делген аялдын балдарын жетелеп, кошунасынын короосун көздөй качып бара жаткан видеосу тарап жатат.
Окуя 3-октябрга караган түнү саат 3 менен 4түн аралыгында болгон. Кылмышкер дарбазадан секирип кирип, үйдүн ээсин жана эжесин өлтүрүп кеткен. Шектүү видеокөзөмөлгө түшүп калган. Окуя болгон жерден анын баш кийими табылган.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин билдиришинче, кылмыштын бетин ачуу үчүн кесипкөй кызматкерлер кирген тергөө тобу түзүлдү. Бардык камералардагы видеожазылмалар алынып, жеринде 100 милиционер иштеп жатат.
Милициянын маалыматына караганда, маркум тирүү кезинде машина сатып иштеп келген. Анын автоунаасынын багажынан ири суммадагы каражат табылган.
Sputnik Кыргызстандын журналисттери кылмыш болгон дарекке барып келишти.
2021-жылдан бери өлтүрүлгөн, зордукталган аялдардын, балдардын саны. Статистика