БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Нарын менен Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.