Финансы-кредиттик фонддон Ишкердикти өнүктүрүү фондуна карыздарды өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Эми бюджеттик кредиттерди кайтаруу ишин Ишкердикти өнүктүрүү фонду жүргүзөт. Каржылык-кредиттик фонддун насыя алуучулары кайтарган каражаттарды фонд кайрадан кредит катары берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бюджеттик кредиттерди башкаруу тууралуу “Мамлекеттик каржылык холдинг” ААКтын төрагасы Элдияр Доолбеков жана “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Адилет Маматов сөз кылды.