Жетекчи ишинен сырткаркы кызыктуу суроолорго да жооп берди. Ал 10 жылдан ашуун милиционер болуп иштегени маалым, бул тармактагы кайсы ишине сыймыктанарын айтты. Ошондой эле Ошко барганда сөгүнгөн видеосу боюнча түшүндүрмө берип, мүнөзүн оңдоого аракет кылып жатканын белгиледи.
Нурдан Орунтаев алгач коомчулукка Бишкекте вице-мэр болуп турганда мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүп салганы менен таанымал болгон. Андан кийин Архитектура, курулуш агенттигин жетектеп, курулуш тармагын тескей баштаган. Быйыл агенттик бакыйган министрликке айланып, Орунтаев эң жаш министр болуп калды.