БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптада өлкөдө аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 6-октябрдан 11-октябрга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым тоолуу жерлерде гана жамгыр жаашы ыктымал. Бишкекте да күн ачык болору божомолдонду. 12-октябрда ала булут каптап, жамгыр жаашы ыктымал.
Чүй, Талас облустары
6-октябрдан 11-октябрга чейин дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
10-октябрда күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Кийинки жекшемби, 12-октябрда, түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Ош, Жалал-Абадда 6-октябрда күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. 8-октябрда тоолуу жерлерге гана жамгыр жаашы мүмкүн. Баткенде апта ичи күн ачык болот. Абанын температурасы 20...22 градуска чейин жылуу болору божомолдонду.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Ысык-Көлдө 10-октябрда жана 12-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Нарында 7-8-октябрдаайрым аймактарда күн себелеши мүмкүн.
9-октябрда күн ачылып, кайра 10-12-октябрда жамгыр жаай турганы божомолдонду.