БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" компаниясы жылытуу мезгилинин алдында карыз абоненттеринен кечиктирилген акчаны тез арада төлөөнү өтүндү. Бул тууралуу аталган ишкананын керектөөчүлөргө кайрылуусунда айтылган.
Компания ошондой эле керектөөчүлөрдү көгүлтүр отту жакканы үчүн акыны кармабай өз учурунда берүүгө чакырды.
"Газпром Кыргызстандан" өзгөчө "акылдуу" (электрондук) эсептегичтерди колдонгон абоненттер кылдат болушу керектигин белгилешти. Эгерде газ карыз үчүн өчүрүлө турган болсо коопсуздук нормаларын сактоо үчүн аны кайра компаниянын адистери гана кошуп бере алат. Газ кайра керектөөчү билдирме бергенден кийинки үч жумуш күн ичинде кошулат.
Газга карызыңыз бар экенин кайдан билсеңиз болот:
жаратылыш газы үчүн келген дүмүрчөктөн;
"Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси аркылуу;
gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен;
4444 сурап-билүү номерине чалып билесиз, мобилдик телефондон чалсаңыз да бекер болот.
Ишкана карыздарды жана төлөмдөрдү компаниянын бардык филиалдарынан, ошондой эле "Мбанк", "Оңой" жана "Бакай банк" электрондук системалары аркылуу төлөөгө болорун кошумчалады.