Кырдаал кыйындады. АКШда шатдаундан улам өзөктүк арсеналды көзөмөлдөөгө акча түгөнүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. АКШда шатдаунга байланыштуу өзөктүк арсеналды көзөмөлдөөгө каражат түгөнүп баратат. Бул тууралуу энергетика министри Крис Райт билдиргенин РИА Новости жазды.
Аткаминердин айтымында, ушул убакыт бүткөндөн кийин аларга ишти убактылуу токтотууга туура келет.
"Өзөктүк запастарды, суу алдындагы кемелер менен учак ташыган кемелерди көзөмөлдөгөн Улуттук өзөктүк коопсуздук башкармалыгында сегиз күнгө жеткидей гана каражат калды", — деди АКШнын энергетика министри Крис Райт.
Ал кырдаалга "акылга сыйбай тургандай болду" деген баасын берди.
АКШда финансылык жыл 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Эгер ал мүмкүн болбой калса өкмөттүн иши белгисиз мөөнөткө токтоп калат.
Муну америкалыктар шатдаун (shutdown) деп аташат. Ал маморгандарды каржылоону бөгөттөө дегенди түшүндүрөт. Быйыл да АКШнын финансылык жылы шатдаундан башталды. Бул америкалык саясат үчүн сейрек көрүнүш эмес. 1976-жылдан бери мындай кризис 22 жолу болуптур. Анын кесепетинен экономика кеминде 37-40 миллиард доллар чыгым тарткан.
Шатдаундан улам Трамп миңдеген мамлекеттик кызматкерди кыскартары айтылды