БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өткөргөн кеңешмеде айтканын өкмөттөн маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, кеңешмеде энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маселе каралган. Анда электр кубатын керектөө өсүп жаткандыктан, ага кошумча, жай айы кургакчыл болгондуктан ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз экендиги айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
"Бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясы сегиз айдын жыйынтыгы менен бир триллиондон ашты, өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджеттин жылдык көрсөткүчү сегиз айдын жыйынтыгы менен толук аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен ал дагы триллиондук көрсөткүчтү басат. Мына ушундай өнүгүүлөрдө электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо – башкы милдетибиз. Энергетикада стратегиялык долбоорлорду баштадык, ошол эле учурда күнүмдүк жана тынымсыз көзөмөлдү талап кылган маселелер да бар", — деген Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, төрт гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 мегаватты түзөрү айтылды. Анткен менен кеңешмеде Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.