2021-жылдан бери өлтүрүлгөн, зордукталган аялдардын, балдардын саны. Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жылдан бери киши колдуу болгон аялдар менен балдардын саны 178ге жетти. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине өлүм жазасы боюнча берген интервьюсунда айтты.

Төмөндө өлтүрүлгөн балдар менен аялдардын статистикасы:

2021-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 2;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 1;
аялдар – 36;
бардыгы – 39.
2022-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 1;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 1;
аялдар – 41;
бардыгы – 43.
2023-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 2;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 2;
аялдар – 21;
бардыгы – 25.
2024-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 5;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 4;
аялдар – 34;
бардыгы – 43.
2025-жылдын 8 айында катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 3;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 4;
аялдар – 21;
бардыгы – 28.
Жогорудагы төбө чачты тик тургузган фактылар Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" деген 122-беренесине туура келет.

Ал эми зордуктоо боюнча төмөнкүдөй статистика берилди:

(Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси)
2021-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 21;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 47;
аялдар – 12;
бардыгы – 80.
2022-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 34;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 29;
аялдар – 7;
бардыгы – 70.
2023-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 44;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 116;
аялдар –15;
бардыгы – 175.
2024-жылы катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 53;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 35;
аялдар – 19;
бардыгы – 107.
2025-жылдын 8 айында катталганы:
14 жашка чейинки балдар – 20;
14төн 18 жашка чейинки балдар – 42;
аялдар – 19;
бардыгы – 81.
Жапаров эмне үчүн өлүм жазасын киргизүү керектигин түшүндүрдү