БИШКЕК, 3-окт. — Sptunik. Америка Кошмо Штаттарынын Украинага "Томагавк" ракеталарын бериши күмөн. Бул туурасында Reuters өзүнүн маалымат булактарына таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Трамптын Украинага алыска уча турган "Томагавк" ракеталарын бериши мүмкүн эмес. Себеби АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн запасы башка максаттарга дайындалган. "Томагавк" ракетасын берүү — болбой турчу иш", — деп материалда айтылат.
Басылма муну менен катар эле америкалык администрация Киевге алыска атыла турган башка курал бериши мүмкүндүгүн жазды.
Кечээ Владимир Путин "Валдай" клубунун сессиясында Киев тарабынан "Томагавк" ракеталарынын колдонулушу эскалациянын жаңы баскычын билдирип, Россия менен АКШнын ортосундагы мамилеге доо кетирерин айтты.
Буга чейин The Wall Street Journal Трамп Нью-Йоркто Владимир Зеленский менен жолукканда АКШнын алыска атылуучу куралдарын Россиянын аймагына чабуул жасоо үчүн колдонуу боюнча чектөөлөрдү алып салууга ачык экенин билдиргенин жазган. Бирок учурдагы чектөөлөрдү кайра карап чыгуу боюнча түз милдеттенме таккан эмес. Зеленский "Томагавк" сураган. Америка администрациясы муну ATACMS ракеталарына кошумча берилген курал катары карап жатат.
Кырдаалга комментарий берип жаткан вице-президент Жей Ди Вэнс кабыл алынган чечимдердин жоопкерчилигин мамлекет башчысына жүктөдү.
Ал эми Россия Украинага курал ташуу тынчтыкка жетүүгө тоскоолдук кылып, НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кагылышууга тартат деп эсептейт. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров мындай жүктөр "мыйзамдуу бута" болорун мурда эле эскерткен.
Былтыр ноябрда АКШнын ал кездеги президенти Жозеф Байден Киевдин Россиянын түпкүрүн аткылоо үчүн ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат берген. Ага удаа Улуу Британия менен Франция өздөрү жөнөткөн Storm Shadow жана SCALP куралдарын бул максатта пайдаланууга каршылыгын билдирген эмес.
Россия лидери Владимир Путин Украина армиясы алыска таамай тие турган куралды колдонгон операцияны НАТОнун аскерлеринин катышуусу менен гана жүргүзө ала тургандыгын айткан. Ал эми мындай кадам Украинадагы согушка Батыштын түз катышканын билдирип, бул нерсе кармаштын табиятын өзгөртүп жиберерин, тагыраагы, альянс Россия менен кармашып жатат дегенди түшүндүрөрүн белгилеген.