БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 2026-жылдан тарта бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана өзгөчө макамы бар чек арадагы аймактардын тургундарынын үч жашка чейинки балдарына ай сайын 3 000 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ай сайын берилүүчү "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөк пулун төлөө боюнча токтомго кол койгону айтылат.
Жаңы тартипке ылайык, 3 000 сом үй-бүлөдөгү үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага үч жашка чыкканга чейин берилип турмакчы.