Кыргызстан Россиядан алып келинчү күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан бажы төлөмүсүз алып келинүүчү күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов УТРКдагы маегинде билдирди.
Ал эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору бул боюнча алдын ала макулдашууга жетишкенин, эми Россия өкмөтүнүн макулдугу күтүлүп жатканын айтты.
"2025-жылдын аягына чейин Кыргызстан дизелди 100 миң тоннага көбөйтүүнү, ошондой эле авиакеросин боюнча квотаны 60 миң тоннага жогорулатууну көздөп жатат", — деди Керимов.
Кыргызстан жыл сайын Россиядан 1,2 миллион тонна күйүүчү майды бажы төлөмүсүз алып келет.
Кыргызстан эмне үчүн Казакстандын арзан күйүүчү майын сатып албайт? Жооп