4-октябрга карата аба ырайы

4-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 4-октябрь, ишембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +16...+18 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +21...+23 градуска жетет.
Боомдо таш кулатылып, жол жабылып турат