БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн президент Садыр Жапаров ноябрда өтчү парламенттик шайлоонун тегерегинде "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.
"Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчага жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок", — деген Жапаров.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 30-ноябрда, жекшемби күнү, өтөт.
30 округдан 90 депутат
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Жалпы шайлоочулардын саны округдардын санына тең бөлүнөт. Өлкөдө 4,2 миллион шайлоочу болсо, ар бир округ үчүн орточо 140 миң шайлоочудан тиет. Бирок мыйзамда өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбегендиктен, округдагы шайлоочулардын санында 20 пайызга чейин айырмага уруксат бар.
Мисалы, округдардагы шайлоочулардын орточо саны 100 миң деп эсептелсе, бир аймакта 80 миң, дагы биринде 120 миң шайлоочуга чейин болсо болот.