Стресс улгайгандар үчүн коркунучтуу, андыктан жакындары аларга түшүнүү менен жумшак мамиле кылганы оң. Бул тууралуу Ибрагим Сабиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көп оорулар стресстен пайда болот.
"Селье деген илимпоз оорунун баары стресстен жараларын айткан. Жугуштуу оорулардан башкаларына чындап эле ушул нерсе себепкер. Стресс улгайган адамдарга катуу таасир этет. Эгер жалгыз жашаса андан да кыйын. Алдын алуу үчүн улгайган адамдар көп китеп окушу керек, жатташ керек. Бул эс тутумдун начарлашын да алдын алат. Башкалар менен алака кылып, коомдон обочолонбошу керек. Улгайгандардын клубдары бар, ошолорго барышы керек. Ошондой эле карыган адамдарга үй-бүлөсү жумшак мамиле кылып, түшүнүшү зарыл", — деди Сабиров.
Ошондой эле ал чың ден соолук үчүн туура тамактануу жана кыймылдын орду өзгөчө экенин кошумчалады.