Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Бошогон орунга кайра шайлоо болбойт. Садыр Жапаров шайлоо тууралуу дагы эмне деди

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Быйылкы парламенттик шайлоодо депутаттык мандат мурдагыдай 100 миң доллардан 1 миллион долларга чейин сатылбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
Өлкө башчынын кебинин урунттуу учурлары:
эгер биринчи эки орунду аялдар алса, анда 3-орунду эркектердин арасынан эң көп добуш алган эркек ээлейт. Кийин үч депутаттын орундары бошосо, артында кезекте турган талапкерлер келе беришет;
Кыргызстандын аймагынын географиялык абалы эске алынып, 30 округга бөлүндү. Беш-алты айыл башка облустун же башка райондун округуна кошулуп калса, андан трагедия жасаштын кереги жок;
бошогон орундарга шайлоолор болбойт. Мында бюджет чыгым тартпайт. Мурда бошогон орундарга кайра-кайра шайлоо өткөрө берчүбүз. Бюджеттен миллиондогон сомдор кетчү;
мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Акаевдин мезгилинен бери талапкер болом дегендер 100 миң сомдон төгүшчү. Азыр эми депутаттар 300 миң сомго көтөрүштү. Бул каражат кайтарымсыз;
мугалимдер менен дарыгерлер 300 миң сом таппайт деген – суу кечпеген кеп. Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу болсо, эл өзү эле көтөрүп алат. Күрөө болбосо бир округдан миңдеген талапкер чыгат;
талапкерлигимди коем дегендер ээлеген кызматтарын тапшырып беришет. Өтпөй калса талапкер болгонго чейинки ээлеген кызматынан кол жуушат.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жапаров: мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт