БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россия октябрь айында өзүнүн төрагалыгы учурунда БУУнун жаңы башчысын шайлоо процессин баштоону пландап жатат. Бул туурасында РИА Новости РФтин аталган уюмдагы атайын өкүлү Василий Небензя айтканын жазды.
"Ооба, биз төрагалык кылып жатканда процессти баштоону пландап жатабыз", — деген ал.
Россия шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңешине бир ай төрагалык кылууну баштады.
Башкы катчыны шайлоо жана анын датасын аныктоо процесси БУУнун Башкы Ассамблеясынын, Коопсуздук кеңешинин төрагаларынын биргелешкен каты менен башталат. Ошол эле учурда Небензя жараяндын башталганы кат сөзсүз эле октябрда болот дегенди билдирбей турганын белгиледи. Мисалы, акыркы жолу ал кат декабрдын ортосунда чыккан.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин ыйгарым укуктары 2026-жылдын 31-декабрында токтойт. Башкы Ассамблея менен Коопсуздук кеңештин төрагаларынын биргелешкен каты — баш катчыны шайлап, дайындоо боюнча узак жараяндын биринчи гана этабы. Андан кийин талапкерлер көрсөтүлөт, программалык билдирүү, башкы катчы болчулар менен бейрасмий диалогдор жүрөт.
Тиешелүү кызматка дайындоо үчүн Коопсуздук кеңеши Башкы Ассамблеяга сунуш берет, андан кийин аны Башкы Ассамблея дайындайт.
Россиянын өкүлү АКШнын аталган уюмдагы жаңы өкүлү Майкл Уолтц менен жолуккандыгын билдирди. Анын айтымында, маектешүү жакшы өткөн.
"Азыр Майкл Уолтц жөнүндө пикиримди айтуу бир аз эрте болуп калат эле, бирок мага аны менен кандайча баарлашканыбыз жакты. Балким, ашыкча ишенип алгандырмын, бирок өз ара түшүнүүчүлүк болду", — деген ал.
Мындан сырткары, ал БУУнун Россияга санкциялары мүмкүн эместигин айткан.