БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргызстандын округдарга бөлүнгөн картасын жарыялады.
Картада кезексиз парламенттик шайлоого карата республиканын кандайча бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.
Бирок БШКнын картасы бардык округдарды камтыган эмес, мисалы, анда Бишкек жок.
Комиссия кечээ 30 шайлоо округунун схемасын жана чегин бекиткен.
Бишкекте төрт округ болот. Жалпы шайлоочулардын саны 540,3 миң кишини түзөрү айтылды. Округдун ар биринде добуш берүүгө укуктуу 130 миңден шайлоочу катталган.
Ал эми жалпы өлкө боюнча шайлоочулардын саны 4,2 миллионду түзөт. Шайлоо округдарынын толук тизмеси менен ушул жерден таанышууга болот.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кезексиз парламенттик шайлоону 30-ноябрда өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.