БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жашы жете элек өспүрүмгө карата жасалган кылмыш тууралуу жалган маалымат таратты делген Сыймык Нарынбек уулуна кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө изделип, сөөгү Кеминден табылган 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын агасы болом деп жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берген Нарынбек уулу кыздын бир тууганы эмес экени аныкталган.
"Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан. Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана жазылуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган", — деди ИИМ.
Факт боюнча Жазык кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык ("Пайда табуу ниетинде кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо") кылмыш иши козголду. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.