БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдө кордолуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча айрым жагдайларды айтып берди.
Ага ылайык, окуя төмөнкүдөй болгон:
Өспүрүм Honda Stream машинасына саат 12:30дарда отурган. Кыздын туугандары милицияга кечинде кайрылып, аталган факт саат 20:30да каттоого алынган;
Шектүүнүн автоунаасын "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен кийинки күнү Бишкектеги темир жолдун жээгинен табышкан. Машинаны жуудуруп койгон;
Шектүүнүн өзүн Бишкектеги кичи райондордун биринен колго түшүрүшкөн. Ал сим-картасын ыргытып, кыздын телефонун сатып жибергенге жетишкен;
Айсулуунун сөөгү Боом капчыгайындагы темир жол тараптан табылган. Аны чөп менен жаап койгон;
Кармалган киши жакында Бишкекке которулуп, тергөө менен соту борбор калаада болот.