БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ошто кафе-ресторан, коммерциялык ишканалар 1-ноябрга чейин өзүнүн унаа токтотуучу жайын уюштурууга милдеттендирилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматта мындай талап шаардыктардын коопсуздугу жана жол тыгынын азайтуу максатында коюлуп жатканы белгиленген.
"Быйыл шаарда жолдор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кеңейтилди. Бирок, тилекке каршы, жаңы жасалган жолдордун четтери унаа токтотуучу жай катары пайдаланылып, кайрадан эле жол кыймылына тоскоолдук кылууда. Тамактанууга же соода кылганы келгендердин унаалары жол тыгынын жаратып, башкаларга ыңгайсыздык алып келбеши керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле муниципалитет калаадагы бир катар кафе, тез тамактануучу жайлардын айланасындагы жерлерди сатып алып, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп жатканы кошумчаланды.