Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Айсулуу Мукашеванын ишин Жапаров өз көзөмөлүнө алган. "Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш жүргүзүү тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү каралды", — деди Алагөзов. Президент балдарга жана кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияны карманары белгиленди.
Өкмөт бааларды турукташтыруу үчүн социалдык маанилүү товарлардын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жаңы тартип киргизүүнү көздөп жатат. Бул боюнча токтом долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, дүкөндөр жана соода тармактары социалдык маанилүү азыктарды сатууда кошулуучу үстөктү 5 пайыздан ашырбоого тийиш. Эгер бул товар Кыргызстанда чыгарылбаса, анда импорттук баага да 5 пайыз гана үстөк кошулушу керек. Жергиликтүү өндүрүштүн башка товарларына да ушул чектөө колдонулат.
Бүгүн, 1-октябрда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында курулган ипотекалык көп кабаттуу турак жайдан 40тан ашык аскер кызматчысы батир алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Жаңы батирлердин ачкычын министр Руслан Мукамбетов тапшырып, иш-чарага Каракол шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышкан.Белгилей кетсек, өткөн айдын башында министрлер кабинети аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ипотекалык төлөмдөрдү компенсациялоо боюнча жаңы тартипти бекиткен. Ага ылайык, эгерде аскер адамы коммерциялык банктар же МИК аркылуу ипотека алган болсо, алардын кредиттик милдеттенмелерин мамлекет толугу менен өзүнө алат.
Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы улгайган адамдар тууралуу маалыматында билдирди. Белгиленгендей, акыркы беш жылда өлкөдө улгайган жарандардын саны 140 миңден ашуунга же 25 пайызга өстү. “2025-жылдын башында Кыргызстанда 702 миң эмгекке жарамдуу курактан улуу адам болгон, бул жалпы калктын 10 пайызын түзөт. Алардын ичинен 230 миңи 63 жаштан ашкан эркектер, ал эми 472 миң 58 жаш курактан ашкан аялдар. Аталган жаш куракта аялдар басымдуулук кылат: алар эркектерден 242 миңге же 2,1 эсеге көп. Бул аялдар эркектерге караганда орточо узак жашашы жана пенсияга эркектерге караганда беш жыл эрте чыгуусу менен түшүндүрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.БУУнун болжолдоолоруна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы көбүрөөк байкалат.