БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразиялык экономикалык биримдик таянып иштеген принциптерди тизмектеди.
Ушу тапта Беларустун баш калаасы Минскиде ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери жыйын өткөрүүдө.
Мишустин өз сөзүндө РФ президентинин буга чейинки айткандарын эске салды.
"РФ президенти жаңы көп уюлдуу дүйнөдө кызматташуу тең укуктуулук жана адилеттүүлүктүн негизинде жүрүшү керектигин белгилеген. ЕАЭБде биз дал ушул принцип менен иштеп жатабыз, бири-бирибиздин кызыкчылыгыбызды урматтайбыз. Келечектеги ийгиликтердин кепилдиги ушул", — деди РФ премьер-министри.
Сөзүнүн урунттуу жерлери:
биримдиктеги өнөр жай ишканаларынын ортосундагы байланышты чыңдап, негизги тармактардын көз карандысыздыгын камсыздоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу үчүн координацияланган саясат жүргүзүлүшү зарыл;
жогорку деңгээлдеги кооперациялык долбоорлорду колдоо механизминин киргизилиши — илимий-өндүрүшкө түрткү болчу кошумча стимул;
айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, жаңы ишканалардын ачылышына түрткү берет. Элде сапаттуу азыктарды тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот;
жүк ташуулардын көлөмү алты айдын ичинде 4,5 миллиард тоннага жетип, дагы өсөт;
негизги багыттардын бири — керектөөчүлөрдү жасалма продукциядан коргоо жана ЕАЭБдин тышкы өнөктөштөр менен кызматташтыгын кеңейтүү.