БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик ар бир жаран ээн-эркин жүрүп, иштеп, билим ала турган уюмга айланышы керек. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди.
Эскерте кетсек, иш-чара Беларустун баш калаасы Минскиде өтүп жатат.
Минкаб башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин жараны башка мамлекетте иштесе үй-бүлөсү жанында болорун айтып, аларга колдон келишинче жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылуу керектигин белгилеген.
"Ошол эле учурда үй-бүлөлүк байланыш бузулбай, биримдиктеги жумушчу күчтүн агымынын кыскарышына алып келбеш үчүн улуттук мыйзамдардын ченемдерин белгилөө маселелерине кылдаттык менен мамиле кылган оң. Жарандарыбыз биримдиктин кайсы гана өлкөсүндө болбосун, алардын жакшы иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек", — деген ал.
Минкаб төрагасынын жыйындан кийинки билдирүүсү:
транспорт, энергетика, санарип жана соода сыяктуу "жаңы доордун көпүрөлөрүн" түзүү боюнча иштер жүрүп жатат;
ЕАЭБ алдында дүйнөлүк соодага толук кандуу катышууну камсыздай турган туруктуу транспорттук системаны түзүү милдети турат;
ЕЭКтен жүк ташуу жана транзит тармагындагы ишти так уюштуруу зарылдыгы бар;
Кыргызстан ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу чараларын сунуштады;
эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөсүнүн укугун коргоо милдети тууралуу айтылды.