БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Молдовадагы парламенттик шайлоодо өлкө ичинде оппозициялык партиялар жеңишке жетти. Бул БШКнын протоколдордун 98,42 пайызын санап бүткөндөн кийинки көрсөткүчү экенин РИА Новости жазды.
Акыркы маалыматтарга караганда, бийликтин "Действие и солидарность" партиясы добуштардын 44,13 пайызына, оппозициялык блок 49,54 пайызына ээ болгон. Анткен менен чет өлкөдөгү участкалардан соңку көрсөткүч бериле элек. Алдын ала маалымат боюнча, бийликтин партиясы 49,70 пайыз алганы айтылууда.
Ушундай эле көрүнүш Молдовада былтыркы президенттик шайлоодо болгон. Анда батышчыл Майя Санду менен Гагаузиядан чыккан экс-прокурор Александр Стояногло ат салышкан. Өлкө ичинде Стояногло добуштардын 51,19 пайызын, ал эми Санду 48,81 пайызын алган. Бирок чет жактагы участкалардан алынган бюллетендерди санай келгенде Санду 55,33, ал эми Стояногло 44,67 пайызына ээ болгон.
Оппоизциялык партиялардын биринин лидери, экс-президент Игорь Додон алдын ала жыйынтык чыккандан кийин БШК имаратынын алдында башталган митингде оппозициянын жеңишин жарыялап, чет жактагы участкаларда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатканын билдирди. Ал 29-сентябрда Кишиневдо тынчтык акциясы өтөрүн айтып, бардык оппозициялык партияларды митингге катышууга чакырды.